Он күндөн бери АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелестеги өрт токтой элек. Мындан улам жергиликтүү бийлик өрт тутануу коркунучу бар аймактарга кызгылт дарыларды себип баштады.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, учурда Лос-Анджелес шаары кызгылт түскө боёлду. Аталган дары коркунуч туудурган аймактардын барына, турак үйлөргө, унааларга, жолдорго тик учук менен себилүүдө.
Өрттөн коргонуу үчүн себилип жаткан "Phos-Chek" каражаты АКШда 1963-жылдан бери колдонулуп келет. Бирок аталган каражатты чыгарган ишкана аны буюмдардан мүмкүн болушунча эртерээк жууп салууну сунуштайт. Себеби ал канчалык көп убакытка кармалса, аны кетирүү ошончолук оорлошот. Муну катар аталган дары бир нече күндөн кийин, күндүн таасиринен улам өзүнүн өңүн жоготуп, боз түскө айланат.