Жалал-Абад шаарында газдын басымынын төмөндөшүнөн улам убактылуу автобустар каттамдан алынды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, алардын ордуна кичи автобустар жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. Ал эми электробустар өз калыбында иштеп жатат.
Мэрия газдын басымы калыбына келиши менен автобустар мурдагыдай режимде иштей тургандыгын маалыматта кошумчалаган.