Лос-Анжелестеги өрт Хантер Байдендин 200 сүрөт коллекциясын жок кылганы айтылды

Калифорниянын Лос-Анжелес шаарындагы өрт АКШ президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байдендин 200дөй сүрөт коллекциясын жок кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, анын сүрөттөрү адвокаты Кевин Морристин үйүнүн жанындагы кампада сакталган. Хантери бул боюнча басылмаларга расмий маалымат бере элек.

Анын сүрөттөрүнүн ар бири 500 миң долларга чейин бааланганы маалыматта кошумчаланган. Америкалык лидердин уулу сүрөт тартууну баңгизаттан дарыланып жаткан учурда үйрөнүп, өз алдынча тарта баштаган. Күй кеткен эмгектери 2020-жылдан баштап чогултулуп келе жаткандыгы маалыматта белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан