Коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Абу-Дабиге жасаган иш сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти шейх Мансур Аль Нахайян менен жолугушту.
Анда тараптар көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттар боюнча практикалык өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүнү талкуулашкан.
Белгилей кетсек, БАЭнин вице-президенти Англиянын "Манчестер Сити" клубунун кожоюну. Бул клуб Өзбекстан курама командасынын коргоочусу Абдукодир Хусановду сатып алганы жатат.