Төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев быйыл көзү тирүү болгондо 47 жашка чыкмак. Ал 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.
Чыгармачылыгы
Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Ал 4 жашынан манас айтып, тамга таанып, китеп окуп баштаган. Мектепте окуп жүргөндө ар кандай кароо-сынактарга катышып жүрүп, эң алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан. Жаш таланттын өнөрүн көргөн төкмө акын Тууганбай Абдиев аны борборго алдырган. 15 жашында "Айтышка" катышып, "Айтыш-93" фестивалында баш байгени жеңип алган. Андан кийин бир нече жолу айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардын баш байге ээси болду.
Элмирбек Иманалиев жогорку билимдүү. Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан окуп, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык "Сейтек" борборунда иштөөдөн баштаган. Андан кийин Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында уланткан.
Ал калың журтка акындык эле эмес, манасчылык, дастанчылык, обончулук өнөрлөрү менен да белгилүү. Ал обончу катарында: "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" атуу чыгармаларга обон жараткан.
Алган наамдары
Иманалиевге 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ал эми 2016-жылы Кыргыз Эл артисти наамы тапшырылган. Ал эми 2024-жылы "Эмгек баатыры" наамы ыйгарылды.
Үй-бүлөсү
Элмирбек Иманалиев 1995-жылы ырчы Гүлбүбү Ороскул кызына баш кошуп, 2 кыздуу болгон. Кийинчерээк Нурзат Абдрашитова аттуу айымга үйлөнүп, 3 уул 1 кызды тарбиялап келишкен.
Белгилей кетсек, Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында 2020-жылдын 20-апрелинде мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Ак таңдай акындын сүрөттөр топтомун Фотоальбом рубрикасынан көрө аласыз.
Элмирбек Иманалиевдин өмүр баянын, маектерин, ырларын бул шилтемеден окуңуз.
17-январга карата жылнаама.