Бишкек мэрлигине жаштардын атынан Айдар Жоробековдун талапкерлиги сунушталды

Бүгүн, 8-январда Бишкекте маалымат жыйын берген жарандык активисттер Бишкек шаарынын мэрлигине Айдар Жоробековду талапкер кылып чыгарышарын билдиришти. Активист Кадыр Маликов шаар башчылыгына талапкерлердин теледебаты өтпөгөнүн кемчилик катары белгиледи. “Талапкерлердин шайлоо алдындагы программасын да эч ким көргөн жок. Анткени тил боюнча комиссия сынакты иш күндөрү өткөргөн жок. Суроо жаралат: Бул шайлообу же дайындообу?”- деп нааразычылык билдирди Маликов.

Бишкек шаарынын башчылыгына “Инициатива 15” коомдук уюмунун төрагасы Айдар Жоробековдун талапкерлигин кароо өкмөт башчыга сунушталыптыр.

Эскерте кетсек, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине талапкерлерди каттоо бүгүн, 8-январда аяктайт. Шайлоо 15-январда өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан