Бүгүн, 3-мартта Бишкектеги 12-кичи райондо автобус жөө адамдар өтүүчү жерден өтүп бара жаткан окуучу кызды сүзүп кетти. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип, жабырлануучу кызды ооруканага алып кеткен. Кыз ар кандай жаракаттарды алган.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.