АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф 13-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу пландалып жатат. Бул тууралуу Орусиянын РИА новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Стив Уиткофф ушул аптада Путин менен жолугуу үчүн Москвага барат.
"Уиткоффтун Путин менен жолугушуу үчүн ушул аптада Москвага барары пландалып жатат. Бирок бул өзгөрүшү мүмкүн. Бейшемби күнү эки тараптын жолугушуусу болушу мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин айрым чет элдик басма сөз каражаттары Уиткофф Москвага барып, орус лидери менен жолугушууну пландап жатканын жазышкан.