Түркияда Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу кармалгандан кийин бир нече социалдык тармактарга кирүүгө чектөө коюлду. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, X, Ютуб, Тик-Ток, Инстаграм өңдүү бир нече социалдык тармактарга кирүү чектелген.
"Түркия бир нече социалдык медиа платформаларына, анын ичинде X, Ютуб, Тик-Ток, Инстаграм сайттарына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеди. Бул Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу жана башка ондогон адамдар кармалгандан кийин болду", - деп жазышты чет элдик басылмалар.
Белгилей кетсек, бүгүн, 19-мартта Түркиянын Укук коргоо кызматкерлери Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуну камакка алуу ордерин берген.