Кыргызстанга бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Дмитрий Бивол келди.
Аны "Манас" аэропортунан тосуп алышты. Мушкер менен күйөрмандардын жолугушуусу бүгүн, 23-мартта өтөрү күтүлүүдө.
23-февралга караган түнү Бивол орусиялык абсолюттук жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Артур Бетербиев менен болгон реванш беттешинде жеңишке жетип, абсолюттук дүйнө чемпиону аталды.
Эки мушкердин бири-биринин үстүнөн бирден жеңиши бар. Алардын үчүнчү беттешин ушул жылдын аягына чейин өткөрүү пландалууда.