Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга 3-4-апрелде болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Сапардын биринчи күнүндө президент Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одил Рено-Бассо, Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Анда Кыргызстан менен Европа бирлигинин ортосундагы кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестицияларды тартуу жана туруктуу өнүктүрүү жаатындагы демилгелерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Ошол эле күнү Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.
Лидерлер жалпы чакырыктарды натыйжалуу чечүү жана аймактык коопсуздукту чыңдоо үчүн ынак коңшулук, өз ара урматтоо жана конструктивдүү диалог принциптерин жактай тургандыгын ырасташты.
Сапардын экинчи күнүндө, 4-апрелде мамлекет башчы Самарканд шаарында өткөн «Борбор Азия – Европа бирлиги» Биринчи саммитинин жыйынында сөз сүйлөдү.
Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты.
Өз сөзүндө Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү менен Европа бирлигинин ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын ишенимдүү өсүп жатканын канааттануу менен белгилеп, Кыргызстандын стратегиялык географиялык абалы жана өсүп жаткан транзиттик дарамети соода жана инвестиция үчүн кеңири перспективаларды ачып жатканын баса белгиледи.
Андан соң президент «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» эл аралык форумунда сөз сүйлөдү. Ал климатты каржылоо жагынан да, алдыңкы технологияларды ишке ашырууда да Борбор Азия өлкөлөрүн колдоого европалык өнөктөштөрдүн катышуусун арттырууга чакырды.
Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстандын климаттык жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго тышкы карызды алмаштыруу демилгесин колдоо зарылдыгын белгиледи.