Депутат Дастан Бекешев "Бишкектеги жерлер арзан берилип кетти" деп ачууланды

10 жыл ичинде Бишкек шаарынын мэриясы көп батирлүү үйлөрдү салуу үчүн жерди ижарага берип, 100 миллиондон аз сом алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

"Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркулов "2004-жылдан баштап көп батирлүү үйлөрдү салуу максатына 750 гектар жер ижарага берилген" деп билдирген эле. 10 жыл ичинде ошол жерлерден бюджетке 96 миллион 852 миң эле киреше түшүптүр. Анан да түшүнүксүз себептерден улам мэрия жеке менчикке өткөн мамлекеттик жерлердин кирешесин 2007-жылдан баштап гана көзөмөлдөөгө ала баштаган. Ушул убакыт ичинде жеке менчикке 22,5 гектар жер 648 миллион 926 миң сомго берилип кетти”, - деп Бекешев ачууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан