АКШнын президенти Дональд Трамптын "Тегеранга каршы аскерий операция жасайбыз" деген коркутууларынан кийин Иран Ислам Республикасынын армиясы өлкөнүн руханий лидери аятолла Али Хаменеинин буйругу менен жогорку даярдыкка келтирилди. Бул тууралуу Reuters агенттиги өз булактарына таянуу менен жазды.
Маалыматка ылайык, Хаменеи АКШ тараптан болуп жаткан эскертүүлөрдүн аркасында, өлкөнүн армиясын күжүрмөн даярдыкка келтирген.
Мындан тышкары Хаменеи коңшулаш Ирак, Кувейт, Катар, БАЭ, Түркия жана Бахрейнге АКШнын чабуулун колдоо, анын ичинде АКШ күчтөрүнө анын аба мейкиндигин же аймагын колдонууга уруксат берүү Тегеранга каршы душмандык аракет катары караларын эскерткен.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп эгер Иран АКШ менен өзөктүк курал боюнча келишимге макул болбосо, өлкө "бомбалоого" туш болорун айткан.
3-апрелде Иран асманын жаап, бүт армиясын эң жогорку даярдыкка өткөрүп жатканы кабарланган.