Жакында Бишкек шаарында «Үмүт» жаш киночулардын XII Эл аралык форуму старт алат. 11-14-апрелге чейин көрүүчүлөр менен катышуучуларды киноиндустриянын алдыңкы өкүлдөрү менен жолугушуулар, кинокөрсөтүүлөр, питчингдер, чебер-класстар күтөт. Форумдун продюсери жана координатору Эльвира Мамытова бул тармактагы жаңылыктар, программанын негизги багыттары жана жаш авторлорго берилүүчү мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.
- Буга чейинки Форумдардан бул форум эмнеси менен айырмаланат? Катышуучулар менен көрүүчүлөрдү кандай жаңылыктар күтөт?
- Биздин форум жылдан жылга өсүп, өзгөрүп келе жатат. Быйылкы жылы даректүү тасмаларга басым жасалууда – программада атайын ушул багытка арналган көптөгөн көрсөтүүлөр, талкуулар, үйрөтүүчү иш-чаралар киргизилген. Биз кино тармагында арт-документалистиканы искусствонун бир түрү катары колдоого муктаждык бар экендигин түшүндүк. Аймактагы жаш кинорежиссёрлорунун арасында таланттуу режиссёрлор көп, биз алардын чыгармачылыгын колдоочу форум катары аларга өнүгүү аянтчасын түзүп берүүнү маанилүү деп эсептейбиз.
Мындан сырткары Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эксперттеринин катышуусунда “Даректүү тасма: багыттары жана өнүгүү перспективалары” аталышындагы атайын панелдик талкуулоону пландаштырып жатабыз. Көрсөтүүнүн программасында жаңы муундун түйшүктөрүн жана ойлорун чагылдырган мыкты алты тасмадан турган «Казакстандын жаш даректүү киносу» аттуу казак тандалмалары да бар.
Жаңылык катары питчингдин кеңейтилип жатышын айтсак болот. Алар азыр бир эле учурда эки багытта – көркөм жана даректүү тасмалар боюнча өткөрүлөт. Кыргызстандын Кинематография департаменти бул демилгени колдоого алып, жеңүүчүлөргө байге фондун да бөлүп берди.
- XII форумдан кандай натыйжаларды күтүп жатасыздар? Ал катышуучуларга эмне сунуш кыла алат?
- Катышуучулар жана көрүүчүлөрдү мазмундуу программа күтөт: кесипкөй адистерден чебер-класстар, питчингдер, көрсөтүүлөр жана башкалар уюштурулат. Мунун баары шыктанууга карата күчтүү заряд болуп бериши күтүлөт.
Форум өзүң тууралуу билдирүүгө, жаңы таанышууларга, тажрыйба алмашууга жана шыктанууга жол ачуучу мүмкүндүк болуп саналат. Форумдан кийин жаңы ысымдар пайда болуп, көпчүлүк үчүн ал чыныгы старттык аянтча болуп каларына ишенебиз.
- Мындай иш-чараларга катышкан жаш авторлорго бул эмне берет?
- Бул окуялар жаңы муундарды кинонун тилин түшүнүүгө түрткү берет. Бул жерден көрүүчүлөр жаңы чыккан мыкты кинолордон көрүп, авторлор менен чыгармаларды талкуулап, чеберлерден сабак ала алышат. Жаш жаратуучулар улам ачылып, өздөрүнө ишеними жогорулап, жаңы идеяларды жаратып башташат.
- Быйылкы жылы кандай билим-тарбия берүүчү иш-чаралар пландалууда?
- Форумдун биринчи күнүндө эле биз чебер-класстардын жана лекциялардын сериясын ачабыз. Программаны белгилүү кыргыз кино таануучусу Султан Усувалиев “Даректүү тасмадагы реконструкция” деген лекциясы менен ачат да, ишчараны Ташкенттеги Women Watch Uzbekistan кино мектебинин негиздөөчүсү Юлия Шагинурованын чебер-классы жыйынтыктайт. Ал питчингге долбоор даярдоо, продюсердин пакет, бюджет жана каржылык пландар тууралуу айтып берет.
Мындан сырткары оператордук чеберчиликке өзгөчө көңүл бурулат. Биз региондун эки көрүнүктүү оператору – Хасан Кыдыралиев менен Азиз Жамбакиевди чакырдык. Алардын чебер-класстары техниканы жана кинонун визуалдык тилин тандоо темасына арналат. Бул жолугушуулар операторлор үчүн гана эмес, режиссерлор, продюсерлор жана башка адистер үчүн да пайдалуу болушу күтүлөт.
- Адатта Форумга кесипкөй коомчулук жана көрүүчүлөр активдүү катышабы? Мындай окуяларга элдин кызыгуусу кандай?
- Кыргызстан өзүнүн чакан масштабына карабастан аймактагы эң көп кино иш-чараларын өткөрүп келет. Алар – кинофестивалдар, форумдар, лабораториялар жана кинолагерлер. Бул демекчи, суроо-талап бар экенинен кабар берет. Коомчулук көрсөтүүлөргө, чебер-класстарга жана талкууларга активдүү катышууда. Бул тармактын маанилүүлүгүн түшүнгөндөн улам, көптөгөн иш-чаралар мамлекеттин – Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткандыгын өзгөчө белгилеп кетким келет.
- Кыргыз киносунун азыркы абалын кандай мүнөздөйт элеңиз, өзгөрүп жатабы?
- Албетте. Көз карандысыз, дүйнөгө ачык, билимдүү, таланттуу муун өсүп келе жатат. Бул режиссёрлор чындыкты терең сезишет жана коомду тынчсыздандырган нерселер жөнүндө ачык айтышат. Алардын тасмаларында адилеттик үчүн күрөшкөн кыздар, аялдар, назик жана күчтүү баатырларга көбүрөөк басым жасалууда. Биз бул балдарды жеке тааныганыбызга жана биздин форум алардын алгачкы кадамды таштоого салым кошуп жаткандыгына сыймыктанабыз.
– “Үмүт” форуму жылдан жылга кантип жогорку деңгээлде өтүп жатат?
- Негизги сыр, бул – командабыз. Биз менен кыргыз киносунун көрүнүктүү, жаш жана тажрыйбалуу адистери иштешет. Султан Усувалиев (сынчы, лектор, модератор) программанын модератору, Адилет Каржоев (режиссёр жана продюсер, БААУнун теле, кино жана медиа искусство факультетинин деканы) питчингди көзөмөлдөйт, Асель Маражаббай биздин онлайн-образга жооп берет. Командабыздын туруктуу мүчөлөрү — Азат Момунов, Назик Кадырова, Данияр Абиров, Аман Баялиновдор бул ишти жан дили менен аткарышат. Жыл өткөн сайын бизге жаңы адамдар кошулуп жатышат жана алардын бардыгы биздин ийгилигибиздин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
11-14-апрель күндөрү Бишкек шаарында XII Эл аралык «Үмүт» жаш киночулардын XII Эл аралык форуму болуп өтөт. Буш ишчаранын салтанаттуу ачылыш аземи “Ала-Тоо” кинотеатрында, ал эми башка иш-чаралар эки жерде: – Чыңгыз Айтматовдун Кино үйүндө жана “Оло-Юрт” коворкинг борборунда уюштурулат. Форумдун бардык иш-чараларына кирүү акысыз. Бул жерден алдын ала орун алып койсоңуз болот.