Бүгүн, 9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорунда ЖМКларды каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотуу, маалыматка жетүү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин уюштуруу ченемдерин жана журналисттердин кесиптик ишмердигине байланыштуу башка ченемдерди тартипке келтирүү сунушталууда.
Буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды. Ошондой эле интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган.
Эске салсак, аталган мыйзам буга чейин журналисттердин жана жарандык коомдун нааразычылыгын жараткан. Мындан улам былтыр 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылып, кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн.