"Балдар интернатка барышпайт". Кара-Кулжада өлтүрүлгөн келиндин балдарынын учурдагы жагдайы айтылды

Кара-Кулжада жолдошунун колунан ажал тапкан келиндин балдары интернатка жайгаштырылбайт. Бул тууралуу аталган райондун Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органынын аймактык бөлүмүнүн башчысы Бегайым Бөкөтаева SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, учурда тиешелүү кызматтар иш алып барууда.

"Мыйзам талаптарына ылайык, маркум келиндин балдары менен иш алып баруудабыз. Учурда кайнежесинин убактылуу камкоругунда, бирок толук кандуу алардын келечегиндеги камкорчусу эми тандалат. Ал үчүн психологдор менен иштешүүнү колго алдык. Балдарга ар тараптуу жардам берилген соң, алардын кызыкчылыгы каралып, пикирин угушубуз керек. Бардык процесстер бүткөндөн кийин ким менен калууну балдар менен чогуу тандайбыз. Бул маселе жеке менин көзөмөлүмдө",- деди Бөкөтаева.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Өзгөнгө маркум келиндин тажыясына барып, балдарды жатак интернатка жайгаштырууну жана каражат жагынан колдоо боло тургандыгын билдирген. Бирок Бөкөтаева балдар мындай колдоого муктаж эместигин айтып, маркумдун жашы жете элек балдары интернатка жайгаштырылбастыгын айтты.

"Мэрдин айткандары туура эмес. Мындай жагдайда райондогу жергиликтүү бийлик жана тийиштүү кызматтар иш алып барышы керек. ЖМКларда түрдүү маалыматтар тарап, анын катарында балдарды жатак мектепке жайгаштыруу боюнча кабарлар чыкты. Социалдык баракчаларга алар да кирип окуп калышы мүмкүн. Ал жаңы эле энесинен ажыраган балдарга оор тиет. Андыктан маалыматтарды таратууда коомчулук жана журналисттер абайласа", - деп кошумчалады ал.

Буга чейин шектүүнүн бир тууган агасы балдарды өз кароосуна алууга даяр экенин журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде билдирген.

Эскерте кетсек, 27-майда 38 жаштагы аял октон каза тапкан, анын өлүмүнө шектелип, күйөөсү кармалган. Кылмышка шектүү райондук соттун чечими менен 2 айга камалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан