Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келинди айыптаган блогер Бауржанга чара көрүүгө кол топтолууда (видео)

Кара-Кулжада күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келинге карата айыптоо сөздөрүн айткан TikTok социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Бауржанга чара көрүү боюнча кол топтолуп жатат. Бул тууралуу юрист Шердор Абдыкапаров билдирди.

Ал ошондой эле маркумдун өлүмүнө байланыштуу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазган Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Зарылбек Салиевге да арыз жазылып жатканын айтты.

Буга чейин Кара-Кулжадагы келиндин өлүмүнө байланыштуу билдирүүлөрдү социалдык тармактарга жарыялаган Айбек Уланов аттуу жаран кармалган. Бишкек шаардык милициясы анын кечирим сураган видеосун жарыялаган. Бирок анын кайра коё берилиши коомчулукта талкуу жараткан.

Кийинчерээк Абдыкапаров Улановдун агасы кармалганын билдирген. Юрист Улановдун агасы чалып, өзүн ИИМдин Кылмыш уюмдарына каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырып, коркутууга алганын айткан. Көп өтпөй Уланов өзү да кайра кармалып, бир айга камакка алынган.

Белгилей кетсек, 26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каргашалуу окуя катталып, 38 жаштагы аял жолдошунун колунан ажал тапкан.

09.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-06-09 14:30:00
Кыргызда Шердор деген ысым барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан