Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы башкы суу тосмо аймагында кырдаал күчɵтүлдү. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-январда саат 17:00дɵ кыргыз-тажик чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу өттү. Сүйлɵшүүдɵ тажик тарап Кɵк-Таш–Ак-Сай жолунун курулушуна кескин түрдө каршылык көрсөтөрүн билдирди.
"Жолугушууга тажик чек арачылары толук куралданып келишкен жана бронежилетчен болушкан", - деп чек ара кызматы кабарлады.
КРнын Чек ара кызматы тажик тараптын чек арачыларынын мындай аракеттери жагдайды курчутуп, эки республиканын ортосундагы калыптанган коңшулаштык кең пейил мамилелердин өнүгүшүнө туура келбестигин билдирет. Ошондуктан тажик тарапты бардык маселелерди тынч сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырат.
Эскерте кетсек, 11-январда саат 13:00 чамасында Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен.