Ош шаардык кеңешиндеги "Улуттар биримдиги" фракциясынын депутаттары "мэр шайлоо таза өтпөдү" деп эсептейт жана мандаттарын тапшырат. Мындай чечим бүгүн, 15-январда Ош шаарындагы митингде айтылды. Митингде сөз сүйлөгөн Мелис Мырзакматов бийликтин ыплас аракеттерине чыныгы күрөш жазында баштала турганын айтты.
"Азыр тынчтыкты сактап таркап кеткиле. Бул жерде турган милиция кызматкерлерине таш ыргытпагыла, булар да өзүбүздүн балдарыбыз. Өз милдеттерин аткарып турушат. Мен силердин колдооңорду көрүп жүрөгүм ыйлап турат. Өзүм болбосо уулума табыштап кетем "эл үчүн кызмат кыл" деп",- деди Мырзакматов.
Эскерте кетсек, бүгүн Ош
шаарына мэр шайлоо өтүп Айтмамат Кадырбаев шаар башчысы болуп шайланды. Ал
шаардык кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушун алды. Ал эми Мелис Мырзакматовго
19 депутат добушун берди. 1 бюллетень жараксыз деп табылды.