АКШдан Киевге НАТО өлкөлөрүнүн каражаты менен берилген биринчи аскерий жардам пакеттери Украинага жөнөтүлүп жатат. Бул тууралуу Reuters жазды.
Маалыматка ылайык, бул жардам PURL программасынын алкагында ыкчам курал-жарак жеткирүүнү көздөйт.
Орусия болсо мындай жардамдарды Украина менен болгон куралдуу кагылышуунун тынчтык жол менен чечилүүсүнө тоскоолдук деп эсептээрин билдирди.
Эске салсак, июль айынын башында Украина коргоо министри Денис Шмыгаль АКШ жана НАТО Киевге колдоо көрсөтүү үчүн PURL механизминин ишке киргизилгенин билдирген.