Депутат Каныбек Иманалиев: "Кылмыштардын эскирүү мөөнөтү жөнүндө мыйзам долбооруна менин ордума Игорь Гусаров “каршы” добуш бериптир"

Депутат Каныбек Иманалиев кылмыштардын эскирүү мөөнөтү жөнүндө мыйзам долбооруна анын ордуна Игорь Гусаров “каршы” добуш бергенин айтып, кайрадан добуш берүүгө чакырды.

Ал добуш берүүнүн жыйынтыгы көпчүлүктү таң калтырганын кошумчалап, “Документке 55 парламентарий каршы добуш бериптир. Алардын катарында менин дагы атым бар экен. Аталган мыйзам долбоорун 1-2-окууда колдоп келгем. Добуш берген учурда жыйында жок болчумун. Кийинчерээк мен үчүн Игорь Гусаров добуш бергенин айтты. Мен коррупцияга каршы күрөшүүдө бардык башталыштарды колдойм” деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан