Баткен. Лейлекте кыргыз-өзбек жигиттеринин ортосунда жаңжал чыкты

Баткен облусунун Лейлек районунда 20-январда кыргыз жана өзбек жаштар арасында мушташ чыккан. Бул тууралуу  бүгүн, 21-январда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Ак-Суу айылында кечээ эки улуттун жаштары ортосунда чыккан жаңжалга милиция кызматкерлери өз убагында жетип, окуянын курчуп кетишине жол берген эмес.

Белгилей кетсек, Лейлек районунун Ак-Суу айылында өзбек улутундагы жарандар басымдуулук кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан