Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-23) Азиянын жаштар кубогунун плей-офф баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калууда.
Топтук этаптын эки турунун жыйынтыгында кыргызстандыктар эки жеңилүүдөн кийин 0 упайга ээ. Кыргызстандын курамасы Сауд Арабиясынан 0:1, ал эми Вьетнамдан 1:2 эсеби менен утулуп калды.
Бул тайпадагы экинчи турдун дагы бир оюнунда Иордания курама командасы Сауд Арабиясын 3:2 эсеби менен жеңип, кыргызстандыктардын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калды.
Плей-оффко чыгыш үчүн Кыргызстандын курамасы акыркы турда Иорданияны ири эсеп менен жеңиши керек. Ошондой эле Вьетнам Сауд Арабиясын утушу зарыл.
Топтук этаптын акыркы, үчүнчү туру 12-январда өтөт.