Аткаминерлердин компанияларын мамлекеттик тендерлерге катыштырбай турган мыйзам долбоору каралууда

Жогорку Кеңеште бүгүн, 22-январда аткаминерлердин жана алардын жакындарынын компанияларын мамлекеттик тендерлерге катыштырууга тыюу сала турган мыйзам долбоору каралууда. Мыйзам долбоорунун автору депутат Дастан Бекешев. 

Депутат Талант Узакбаев бул мыйзам менен жөнөкөй жарандардын укугу бузулушу мүмкүн экенин айтты. “Кыргыздардын тууган-уругу көп. Мисалы, сиздин бир тууганыңыз эмне үчүн тендерлерге катыша албайт? Анын өзүнүн үй-бүлөсү, жашоосу бар. Ал дагы Кыргызстандын жараны, укугу бузулуп калат. Мыйзамдын иштеп кетишине көзүм жетпейт. Андан көрө коррупция менен күрөшүүнүн башка жолун карашыбыз керек”,- дейт ал.

Депутат Дастан Жумабеков: “Кумтөрдө” азыркы аткаминерлерге караштуу компаниялардын акциялары бар экенин өткөндө өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев айтты. Анда ал компаниялардын иштери да токтойбу?”- деп суроо берди. Буга Бекешев: “Кумтөрдө” биздин 33 пайыз үлүшүбүз болгону менен ал мамлекеттик ишкана эмес”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан