Биз социалдык тармакта

Казакстан баштаган 5 өлкө Газа тилкесине аскерлерин жөнөтүүгө макул болушту

Казакстан, Индонезия, Марокко, Косово жана Албания Газа тилкесиндеги Эл аралык коопсуздук күчтөрүнө аскерлерин кошууга даяр экенин билдиришти. Бул тууралуу АКШнын аскердик күчтөрүнүн командири Жаспер Жефферс АКШдагы Тынчтык кеңешинин биринчи жыйынында билдирди.

Ошол эле учурда жыйында сөз сүйлөгөн Газаны согуштан кийинки администрациясы боюнча Палестина комитетинин башчысы Али Шаат коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кийинки эки айдын ичинде тилкеге кеминде 5000 палестиналык полиция кызматкери жайгаштырыларын белгилеген.

Айта кетсек, Тынчтык кеңеши январдын аягында Газа тилкесиндеги убактылуу башкаруучу орган катары түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан