Биз социалдык тармакта

Жаз менен кошо келген Нооруз майрамы

Нооруз - жаздын келишинин жышааны болуп, күн менен түн теңелген кездеги көктөм майрамы. Ал перс тилинин “Невруз” деген сөзүнөн келип чыгып, жаңы күн, жаңы жылдын башталышы дегенди түшүндүрөт. Бул күнү элдер жаңы кийимдерин кийишип, жакшы тилектерин айтышып, майрамды шаан-шөкөт менен белгилешет.

Нооруз майрамы Азербайжан, Ооганстан, Албания, Босния жана Герцеговина, Грузия, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Монголия, Пакистан, Кытайдагы (Шинжаң-Уйгур автоном району, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу) жана Орусиянын (Башкортостан, Дагестан, Татарстан сыяктуу аймактарында) белгиленет.

Нооруз майрамынын тарыхы

Майрамдын келип чыгышы тууралуу так илимий маалыматтар жок. Окумуштуулар Нооруз майрам жана анын тарыхы тууралуу ар кандай пикирлерин айтып келишет. Айрымдары Нооруз биздин заманга чейин 7-кылымдан биздин замандын 7-кылымында пайда болуп, чыгыш коомдоруна тиешелүү диний багыттагы зороастризмге байланыштуу деп эсептешет. Башкалары болсо исламдын пайда болушу жана жайылышы менен байланыштырышат.

Ошондой эле, Нооруз майрамынын тарыхы ар түрдүү ырым-жырымдарга да бай келет. Айрымдарын айта кетсек, майрамдын башталышына эки жума калганда түшүм мол болуш үчүн ар бир үй-бүлөдө арпа, буудай же буурчак дан өсүмдүктөрүн атайын карапа идишке өстүрүшкөн. Эки жума өткөндөн кийин эски жылдын акыркы күнүнө арнап чоң майрам өткөрүшкөн. Нооруздун алдында короолордо же дөңсөө жерлерде алоолонгон оттор жагылган. Оттун балбылдаган жалындары ызгаар кыш менен жаңырган жаздын ортосундагы күрөштү көрсөтүп турган. Оттун үстүнөн ары-бери секиришип, “Сенин кызыл нуруң мага келсин, менен сары оорум сага кетсин” деп айтышкан. Жаңы жылда адамдар кудайга, жаратылышка, жерге, тоого, сууга сыйынып, элдин жана тирүү жандыктардын амандыгын, тынчтыгын жана мол түшүм алууну тилешкен.

Кыргызстанда Нооруз майрамы

Совет бийлиги учурунда Нооруз майрамы эски үрп-адаттардын, салт-санаалардын жыйындысы жана социалисттик маданиятка жат көрүнүш катары каралып расмий түрдө белгиленген эмес. Бул майрам Кыргызстан эгемендүүлүк алганда гана, 1991-жылы 1-февралда Жогорку Кеңеш Нооруз деп жарыяланган мыйзамга кол койгондон тартып белгиленип келет.

Кыргыз эли эски жылды узатып, жаңы жылды тосууга чоң маани беришип, алдын-ала даярдык көрө башташат. Ар бир адам тазаланып, жаңы кийимдерин кийишип, үйлөрүн, короолорун ирээтке келтирип, жаңы жылга чейин бүтпөгөн иштерин бүтүрүүгө аракет кылышат. Ошондой эле арча же адырашман күйгүзүп:

Алас, алас,
Ар балээден калас,

Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас - деп аласташат.

Сүмөлөктүн жасалышы

Кыргыздар бул күнү айыл-айыл болуп биригишип, сүмөлөк даярдашат. Сүмөлөктү даярдоодо алгач дандар тазаланып, жарык бөлмөдө өндүрө башташат. Буудай 5 сантиметрге чейин өнүп чыкканда, тегирменден өткөрүлөт. Бул буудай жуулгандан кийин, ун менен аралаштырып, ботко болгонго чейин жуурушат. Ботко ысык майга кошулуп кайнай баштаганда аралаштырып башташат. Сүмөлөктүн күйүп кетпеши үчүн казанга орточо көлөмдөгү таштар салынат. Ар ким өз каалоосуна жараша жаңгак, мейиз , өрүк, мейиздерди да салышат. Сүмөлөктү жай отто 10-11 саат тынымсыз аралаштырып турушат. Ар бир аралаштырган адам каалоолору орундалсын деп ниет кылат. Кечинде 10 сааттай казандын капкагы жабылып коюлат. Эртең мене даяр болгон сүмөлөктү манжа учу менен татып көрүшөт.

Нооруз 2009-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген. Бул элдин тарыхын, салт-санаасын, руханий баалуулуктарын чагылдырган муундан-муунга улантылып келе жаткан өзгөчө майрам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан