Биз социалдык тармакта

Орозо айт намазы эски аянтта окулмай болду

Бишкек шаарында Орозо айт намазын Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окууга уруксат берилди. Бул тууралуу маалыматты 19-мартта президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Маалыматка ылайык, мындай чечимдер мамлекеттик органдардын корутундусунун негизинде кабыл алынат.

"Ар бир массалык иш-чара алдында коопсуздук, мүмкүн болгон коркунучтар жана кызматтардын даярдыгы атайын комиссия тарабынан бааланат. Быйыл шарттар ылайыктуу деп табылып, өткөрүүгө уруксат берилди",- деп билдирди ал.

Айт намаздын программасы:

07:30 – 08:00 – Куран окуу;
08:00 – 08:25 – Диний баяндар;
08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
08:30 – Айт намазын окуу.

Ал эми аймактарда айт намазы мечиттерде окулат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан