Биз социалдык тармакта

ИИМ Шайырбек Ташиевдин сурактагы видеосун жарыялады

Ички иштер министрлиги коррупцияга шектелип кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиевдин сурак берип жаткандагы видеосун жарыялады.

Маалыматка ылайык, тергөөдө мунай ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталган.

Видеодон анын "Кыргызнефтегазда" мунай бар экендигин угуп, алар менен мунай сатып алабыз деп келишим түзүүгө баргандыгын айтканын угууга болот.

"Ооба, "Кыргызнефтегазда" мунай бар экен, ошону алып "Кыргыз Петролиум Компаниге" келишим түзүп, кызмат акысын берсек, кылып берет экен деп укканбыз. Ошону менен эле барганбыз. "Регион ойл" компаниясы "Кыргыз Петролиум Компаниге" мунай иштеткенде, өзүнүн тарифинде эле бардыгына коюлган негизде гана бизге чийки мунайды кайра иштетип келген",- деген Ташиев.

Маалыматта мунайдын үчтөн бири аталган коррупциялык схема боюнча Шайырбек Ташиев аркылуу өтүп турганы айтылат. Натыйжада, мамлекетке 4 миллиард 115 миллион сом зыян келтирилген. ИИМ эми аталган сумма толук түрдө Шайырбек Ташиевден өндүрүлүүгө тийиш экенин кошумчалады.

Эске салсак, Шайырбек Ташиев 13-мартта ИИМде сурак бергенден бир күн өтүп, БШК аны мандатынан ажыраткан. 25-март күнү ал кайрадан сурак берген.

Салык кызматы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын жакындарынын "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишкананын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөө чыгарган. ИИМ бул боюнча кылмыш ишин козгогон.

ИИМ Шайырбек Ташиевдин сурактагы видеосун жарыялады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан