Биз социалдык тармакта

ЖМК: Ормуз кысыгы ачыла электе кайрадан жабылды 

Иран бийлиги АКШ тарап менен сүйлөшүлгөн келишимге карабастан Ормуз кысыгын кайрадан жапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ирандын Fars агенттиги Ормуз кысыгы ачылганда Ирандын уруксаты менен эки мунай танкери өткөнүн, бирок учурда кеме кыймылы кайрадан толугу менен токтотулганын жазды.

Мындай чечим Израилдин Ливанга жасаган чабуулунан кийин кабыл алынган. Акыркы маалыматтар боюнча, аталган соккудан улам аймактагы 250 дөн ашык жай тургун каза болгон. Бул окуя кечээ, 8-апрелде Тегеран менен Вашингтондун ортосунда эки жумага түзүлгөн ок атышууну токтотуу келишими күчүнө кирген күнү орун алган.

Буга чейин Иран бийлиги эки жумага созулчу убактылуу тынчтык мезгилинде Ормуз кысыгын ачып турууга көнгөн болчу. Мындай билдирүүнү Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи тастыктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан