
АКШ менен Израилдин Иранга каршы жүргүзгөн операциясынын натыйжасында үч миңден ашуун адам каза болду. Бул тууралуу Ирандын соттук медицина уюмунун башчысы
Аббас Масджеди Арани билдирген.
Анын айтымында, каза болгондордун болжол менен 40 пайызы таанууга мүмкүн эмес абалда.
Эске салсак, 8-апрелде Вашингтон менен Тегеран эки жумага ок атышууну токтотуу боюнча
макулдашты. Бирок Иран тарап АКШ тынчтык келишиминин айрым пункттарын бузганын белгилеп, ок атышууну токтотуу маанисин жоготконун билдирген.
Ошол эле учурда Израил армиясы Ливанга күчтүү сокку уруп, андан дээрлик 200дөн ашык адам
каза болду. Буга карабастан Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрү Исламабад шаарында 10-апрелге пландалган бойдон калууда.