Украинанын лидери Владимир Зеленский менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу - куру кыял. Мындай билдирүүнү Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Жабаров билдиргенин орусиялык басылмалар жазышты.
Владимир Жабаров бул жолугушуу болбой турганына бир катар себептерди атап, Зеленскийдин легитимсиз президент экенин белгилеп өткөн.
"Биз аны менен эмнени сүйлөшөрүбүздү да билбейбиз. Донбасстан аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу талап аткарылган жок. Болгону белгилүү бир мөөнөткө ок атышууну токтотуу сунушталууда. Бул эмне үчүн керек экенин билебиз да, курал-жарактардын санын көбөйтүп алууга",- деген Владимир Жабаров.
Белгилей кетсек, буга чейин Зеленский Путин менен жолугушууга даяр экенин билдирип, жолугушуу үчүн АКШ же Жакынкы Чыгыштага өлкөлөр ылайыктуу экенин айткан.
Ал эми Орусия тарап Украина Донбасс аймагынан аскерлерин толук чыгарып кетүүсүн талап кылууда. Бирок ага Украинанын лидери макул эмес.