Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Илим менен Тамчы бакчада отурганын, андан кийин Тамчы кирип кеткенин, Илим үңкүйүп отуруп кала бергенин Казат ата терезеден байкап турду.

“Эмне үчүн жашоо ушунчалык оор?” деп сураган андан Гүлай канча бир жыл мурун. “Анткени – бул сүйүү. Сүйүү дайыма жеңил болбойт” деп жооп берген эле. Акылы чабыттап, ошол убактарга кетти.

ххх

Казат менен Гүлай да өз тагдырларын көтөрүп, анын оордугуна башын ийген адамдар болчу. Алар бири-бирин ушунчалык жакшы көрүштү. Тасмаларда, кинолордо көргөн, акылды адаштырган сүйүүнү булар реалдуулукта баштан кечиришти. “Дүйнөнүн бир тузу кем жаралган” деген чындык белем, Жараткан аларга өзгөчө сүйүү бергени менен, бала берген жок. Бирок мындан отуз жыл мурун эки жаштагы эркек баланы көл жээгинен таап алышып, ата-эне болуу бактысына ээ болушкан.

Көлдүн жээги ал күнү адаттагыдай тынч эле. Казат менен Гүлай пансионатка эс алууга келишкен. Анткени Казатка илимдер академиясынан чоң долбоорго жетекчилик кылууга сунуш түшүп, ошону ойлонуу үчүн шаардан келишкен эле. Терең ойлонууга жана чечим чыгарууга дайым көлдүн ушундай тынч жээгин тандашчу. Пляждагы эс алуучулар тарап, көл жээги ээн эле. Казат менен Гүлай ичтен жеген кайгысы менен унчукпай басып жүрүштү. Алар көптөн бери бала күтүп, бирок акыркы үмүт деп карманып турганда чет өлкөлүк мыкты дарыгерден терс жооп келди. “Мүмкүн эмес” дешти. Дарыгердин үмүтсүз жообун кабыл алуу аларга оор болду. Мындай тынч кечтерде көбүнчө унчукпай басышчу, экөөнүн ортосунда айтылбаган кайгынын оордугу экөөнө эле дайын эле. Казат алдыга кетип, анын аркасынан изин улай Гүлай кетип бара жаткан. Аба сууй түштү.

– Бишкекке кетеличи,- деди Гүлай акырын.

Казат жооп бере электе алыстан бир үн угулду. Ал шамалдын же суунун добушу эмес эле. Ал баланын ыйлаганына окшош үн болчу. Экөө элейип бири-бирин карап калды.

– Уктуңбу?- деди Гүлай аны колдон ала.

– Ооба, бала ыйлап жаткандай...

Экөө үн чыккан тарапка шашылышты. Көл жээгинен бир аз алысыраак, камыш арасында кумга отуруп ыйлап жаткан кичинекей баланы көрүштү. Эки жаштарда, үстү кир, көзү жашка толгон. Баланын периштедей сулуулугу экөөнү тең арбап алгандай болду. Капкара каректер чочуркап эмес, жардам сурап карап тургандай.

– Кудай ай...

Гүлай тизелеп жанына отура калды. Көкүрөгү зыркырап кетти, көзүнөн жашы кулады. “Бирөөгө кор, бирөөгө зар деген ушул. Кантип унутуп кетип калышты баланы?” деп ойлоду. Казат да нес болгондой баладан көзүн албайт.

– Ким сени бул жерге таштап кетти?- деди аял ый аралаш. Бала жооп иретинде колун сунду. Гүлайдын дүйнөсү өрттөнүп кетти. Бул сүйүүнүн өртү эле. Баланы колуна ала албай жатты. Наристе жакындап, анын көйнөгүнө жармашты. Ошол көз ирмем эненин жадында түбөлүк сакталып калды. Болгон дүйнөсү менен балага эңиле берди, кучактады, бооруна кысты. Кандайдыр бир сезим ал зар болгон наристе ушул экенин сезди. Казат тегеректи карады, эч ким жок. Жол жок, из жок. Бул бала бул жерде жалгыз. Жанында эч нерсе жок, кийим-кече, упчу... Жөн гана бир буюмду унутуп кеткендей таштап кете беришкенин көр.

– Милицияга кабарлайлы,- деди ал акырын, бирок үнүндө ишеним жок эле.

– Жок!- деди Гүлай, баланы коё бербей кучактап. Тиги анын көкүрөгүнө башын коюп, ыйлаганын токтотту.

– Жинди болбо, Гүлай!

– Мен сенден ушул кезге чейин бир нерсе сурадымбы? Биринчи жолу жана акыркы жолу сурап жатам. Алып кетели, баланы...

– Сен жиндисиңби? Бирөөнүн баласын кантип алып кетесиң? Унутуп калышкан чыгар... Келишет азыр.

– Жок, муну таштап кетишкени көрүнүп турат. Карачы кебетесин, жакшы каралбаган, кир, араң эле жаны калыптыр. Демек, кимдир-бирөө бага албай таштап кетти.

– Соттолуп кетебиз.

– Мейли, баарына кайылмын. Мен жооп берем.

Казат аялына эмне дээрин билбей калды. Чындыгында логикага, акылга таянган учурлар өчүп, бир гана жүрөктүн түрсүлү чечим чыгарган учурлар болот. Жүрөктөр дүкүлдөп кагып жатты.

ххх

Окуядан кийин Казат менен Гүлай пансионатта болушту. Бир нече күн текшерүү, суроо, күтүүлөр менен өттү. Эч ким издеген жок баланы. Эч кандай арыз түшкөн жок. Акыры экөө тең бул бала кимдир-бирөөнүн унутулган тагдыры болгонун моюнуна алышты.

– Эми эмне кылабыз?..- деди Гүлай бир түнү, уктап жаткан периштедей баланы карап.

– Билбейм, эч ким издеген жок. Акылым айран...- деди Казат.

– Эгер биз албасак, ал балдар үйүнө кетет. Ал жакта аны ким кучактайт? Кудай үчүн, ушул баланын ата-энеси бололу.

Казат унчуккан жок.

– Мен аны таштай албайм,- деди Гүлай акырын.

– Демек...- Казат терең дем алды. – Биз аны багып алабыз. Бирок чындыкты андан эч качан жашырбайбыз. Эс тарткандан тартып ал биздин эмес, башканын баласы экенин билүүгө тийиш. Мени билесиң, калпты жашоомо жакындата албайм. Эгерде ушундай шартты кабыл алсаң гана баланы багып алабыз. Баланы багабыз, бирок ал биздики эмес экенин кичинесинен билиши керек.

Гүлай жооп берген жок. Ал жөн гана уктап жаткан баланын жанына барып, үстүн жапты. Бул анын шартка макул экенинин белгиси болчу.

Ошентип бала деп зар какшап жүргөн жубайлар уул баланы кучактап Бишкекке келе беришти. Мындан кийин деле баары тынчып кеткен жок. Качан бир нерсе болуп кетер экен деген сарсанаа экөөндө тең бар эле. Эки ай өткөндө балага Илим деп ат берип, өздөрүнө каттатып алышты.

Ал бала Гүлай үчүн бош жүрөктүн толушу болду. Казат үчүн жоопкерчилик жана абийиринин чыныгы сыноосу эле. Көл жээгиндеги ошол күн – алардын бактысынын башаты гана эмес, келечектеги оор суроолордун да башаты экенин алар кийин түшүнүштү. Анткени ар бир табылган тагдырдын артында жоголгон чындык жашайт эмеспи.

ххх

Илим беш жашка чыкты. Баладан башкача зээндүү эле, анан да чоңдордун көзүнө “мен силердин бардык сырларыңарды билем” дегендей акылдуу карачу. Гүлай менен Казат бул тууралуу көп сүйлөшүшчү.

– Ал бүгүн мага башкача карады, байкадыңбы?

– Көзүндө суроо бар. Демек, убакыт келип калды.

– Жок! Дагы эрте... Ал али бала. Дагы бир жыл күтөлү.

– Бала болсо да чындыкты сезип жатат.

– А сен оңой айтып жатасың, “айтабыз” деп. Айткандан кийин эмне болот, ойлондуңбу?

– Ойлондум. Күн сайын ойлоном.

– Анда эмнеге жүрөгүң оорубайт сенин?..

– Ооруйт. Бирок сага окшоп коркконум үчүн аны алдабайм.

– Алдоо эмес! Бул – коргоо!

– Жок, Гүлай. Сен корккон үчүн алдап жатасың.

– Ал мени “апа” деп чакырат. Сен айткандан кийин антпей калсачы? Ошол үн өчүп калсачы? Сен түшүнбөйсүң, мен аны төрөбөсөм да, Илимди ичимде көтөргөндөй сүйдүм. Ар бир ооруканада жаткан түндөрүндө, жаны ачыганда “апа” деди. Мени чакырды. Мен билем...

– Мен да билем! Аны биринчи жолу колума алганда жоопкерчиликти сездим. Кийин оор болот, билип чоңойгону туура.

– Сен катуусуң! Муздаксың. Эгер ал чоңойгондо өз ата-энеме кетем десечи?

– Коё беребиз.

– Кантип?! Кантип коё бересиң?!

– Ата-эне болуу – кармап калуу эмес, керектүү учурда коё берүү.

– Мен андай эне боло албайм. Бул эң оор сыноо...

– Бирок сен буга чейин сыноонун эң оорун көтөрдүң. Каныңдан эч качан бала жаралбай турганын билдиң. Бул да ошондой сыноонун бири. Анчалык жоготпо өзүңдү. Бул бир долбоор, ата-эне болбосок да бир илимдүү баланы тарбиялап чыга турганыбыздын далили. Биздин коомго бере турган нерсебиз ушул бала.

Уландысы шилтемеде.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан