Биз социалдык тармакта

Испанияда хантавирус жуктурган эки жаран аныкталды

Испанияда хантавирус жуктурган эки жаңы учур аныкталды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ооругандардын бири Атлантика океанындагы Тристан-да-Кунья аралында жашаган Улуу Британиянын жараны. Ал апрель айында "MV Hondius" аттуу круиздик кемеден түшкөндөн кийин өзүн жаман сезе баштаган.

Экинчи учур Испаниянын Аликанте аймагында катталган. 32 жаштагы аял учактан түшкөндөн кийин анда хантавируска окшош белгилер байкалган.

Reuters белгилегендей, ал учакта буга чейин ушул эле круиздик кемеде вирус жуктуруп алып, каза болгон Нидерланд жаранына жакын отурган.

Белгилей кетсек, хантавирус боюнча алгачкы маалымат 4-майда тараган. Анда Атлантика океанында "MV Hondius" круиздик кемесинин бортунда эки адам хантавирустан каза болгону айтылган. Учурда кеме Испаниядагы Тенерифе аралына жетти.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан