Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү 16-июлга чейин узартылды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Айтылгандай, райондук сот мындай чечимди 15-майда кабыл алган. Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталууда.
Эске салсак, Шайырбек Ташиев быйыл 13-мартта ИИМде сурак бергенден бир күн өтүп, БШК аны мандатынан ажыраткан. 25-март күнү ал кайрадан сурак берген. 1-апрелде ИИМ анын кармалганын кабарлаган.
Салык кызматы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын жакындарынын "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасынын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөө чыгарган. ИИМ бул боюнча кылмыш ишин козгогон.