Бишкекте бүгүн, 29-январдагы маалымат жыйынында ЛГБТнын (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) укуктары боюнча изилдөөчүсү Анна Кирей “ЛГБТнын өкүлдөрүнүн укуктарын коргогон көз карандысыз органды түзүү керек” деген сунушун айтты.
Анын айтымында, КРнын Кылмыш-жаза кодексинде "бисексуалдуулук менен алектенүү" деген берене жок. "Бирок милиция кызматкерлери гейлерди атайын интернет аркылуу издеп таап, аларды "туугандарына айтабыз" деп коркутуп акча сурашат. 500 сомдон 10 000 сомго чейин акча алган фактылар болду. Эгер милиция кызматкерлер ушундай кылса анда гейлер кимге кайрылат?”,- деди Анна Кирей.