Биз социалдык тармакта

"75чилердин" каты: Бишкек сотунда иш каралмакчы

Бишкек шаардык сотунда "75чилердин" каты боюнча кылмыш иши 10-августта каралат. Маалыматты борбор калаа сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Буга чейин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген. Бул ишти караган прокурорлор да шаардык сотко даттанганы маалымдалган.

Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту резонанстуу "75чилердин" иши боюнча өкүм чыгарган. Аталган ишке айыпталып жаткан 8 адамдын үчөө, тагыраагы, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышып, мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылышты. Бирок айыпталуучуларга 3 жылдык пробация жазасы чегерилди.

Ошондой эле аталган берене менен Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов дагы күнөөлүү деп табылып, 4 жылга абакка кесилишти. Бирок сот аларды 3 жылга үй камагына чыгарды.

Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча бардык айыпталуучулар акталышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан