АКШ президенти Дональд Трамп Республикалык партия ноябрдагы Конгресстин аралык шайлоосунда жеңишке жетсе, өлкөнүн ар бир бойго жеткен жаранына 5 миң доллардан төлөп берүүнү убада кылды. Бул тууралуу кечээ, 9-сентябрда чет элдик басылмалар жазышты.
Трамп бул төлөмдү "Трамптын дивиденди" деп атоону сунуштап, акчаны АКШнын аймагында гана сарптоого болорун билдирди.
Ошол эле учурда президент каражат кандай тартипте төлөнөрүн тактаган жок. Мындай акчалай төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн Конгресстин макулдугу талап кылынат.
Белгилей кетсек, АКШда Конгресстин аралык шайлоосу 3-ноябрда өтөт. Анда Сенаттын үчтөн бири жана Өкүлдөр палатасынын бардык 435 мүчөсү кайра шайланат.