Биз социалдык тармакта

Төө-Ашууда катуу бороон башталды (видео)

Бишкек – Ош унаа жолунун 128-130-чакырымдар аралыгында катуу бороон башталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бороондун кесепетинен айдоочулардын жолду көрүү мүмкүнчүлүгү кескин төмөндөп, оор жүк ташуучу унаалардын (фуралардын) кыймылы кыйындады.

Учурда ЖТМ-9дун кызматкерлери штаттык режимде иш алып барышууда.

"Аба ырайына бир канча убакыт байкоо жүргүзүлөт. Эгерде бороон токтобосо, оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына кайрадан убактылуу чектөө киргизилет",- деп айтылат маалыматта.

Министрлик айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты азайтууга жана жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Төө-Ашууда катуу бороон башталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан