Нарын облусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу бир катар ашуулар жана унаа жолдору убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, төмөнкү жол тилкелеринде унаа кыймылы чектелди:
- Казарман – Жалал-Абад унаа жолундагы Сары-Кыр ашуусу;
- Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусу;
- Нарын - Орук-Там унаа жолунун Эки Нарын айылынын 50-чакырым аралыгынан, Капчыгай бөлүгүнүн 75-чакырымына чейинки унаа жолу.
"Аталган жол тилкелерин жана ашууларды жаз айларында аба ырайынын шарттарына жана жолдун абалына жараша ачуу пландалууда",- деп кошумчаланат маалыматта.