Кечээ, 11-ноябрда Кыргызстандын маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушуп, эки өлкөнүн кинофестивалдарына өз ара тең укуктуу негизде катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган демилге кино тармагынын өкүлдөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Ошондой эле Нью-Дели шаарында өтө турган Биринчи цивилизациялык диалог форумуна Кыргызстандын катышуусу, маданий алмашууларды кеңейтүү жана жаштар арасындагы кызматташтыкты активдештирүү маселелери каралды.