Биз социалдык тармакта

Бишкекте курулуш компаниясынын директору алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкек шаарында курулуш компаниясынын башкы директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, шектүү жабырлануучуга курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эки бөлмөлүү батир берүүнү убада кылып, 2 миллион 924 миң 986 сом акчасын алган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин убада кылынган батир берилбей, акча каражаты да кайтарылган эмес.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 39 жаштагы шектүү кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Милиция жарандарды курулуш компаниялары менен келишим түзүүдөн мурда алардын документтерин жана ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун кылдат текшерүүгө чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан