ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 6 айдан 23 айга чейинки наристелердин 78%ы таттуу шире өңдүү каныкпаган тамак-аш менен багылса, 26%ы гана тең салмактуу пайдалуу тамак менен багылат. Бул бүтүндөй муундун ден соолугуна таасир этип жаткан көйгөйдүн бир чети гана.
Балдардын тамактануусунда эле маселе турган жок. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2026-жылдын июнь айындагы изилдөөлөрүнө ылайык, Кыргызстандагы калктын 43%ында толук кандуу тамактанууга мүмкүнчүлүгү жок.
Албетте, пайдалуу тамактануу азык-түлүк тандоо менен гана чектелбейт, калыптанган адат да өз таасирин берет. Жылы бою алган азыктарыбыз, жасаган тамактарыбыз да окшош, жаңычылдык киргизип менюбузду өзгөртүүнү ойлонбойбуз. Кээде көнүп калган таттууларды кайсыга алмаштырууну, балдардын ланч-боксуна эмне салууну, же кыйынчылыксыз эле үй-бүлөлүк тамактанууну кантип пайдалуу кылууну билбейбиз.
Бул адаттарды соода кылган дүкөндөн баштасакчы?
Globus дүкөндөр тармагы дал ушул идеяны ишке ашырууну чечти. Туура тамактанууга үндөө менен гана чектелбестен, компания адамдар пайдалуу тамактануунун принципттерин түшүнүп, күнүмдүк жашоодо колдонуп кетүүчү долбоор ишке киргизди.
Фестивалдан жаңы адаттарга
Globus`тун өткөн жуманын эс алуу күндөрү өткөргөн “Ден соолук себети” аттуу иш-чарасы туура тамактануу фестивалынын биринчи кадамы болду. Бул күндөрү чоңдор, балдар мастер-класстарга катышып, пайдалуу азыктар менен таанышышты, жаңы тамактарды татып, рационду кантип тең салмактуу кылууну билишти.
Башкысы команданын идеясы жөнөкөй болду: туура тамактануу бул диетаны бекем кармоо, жактырган тамактардан баш тартуу же көп чыгым дегенди билдирбейт. Бул – аз-аздан өзгөрүүгө багыт алып, кийин күнүмдүк жашоодо адатка айлантуу.
Бирок пайдалуу сунуштар фестивалдан бир элес болуп калбашы үчүн эмне кылуу керек?
Globus бул демилгени дүкөндөрдө улантууну чечти. Кийинки кадам – Кыргызстан боюнча дүкөндөр тармагында атайын “Жашыл зоналарды” ачуу планы.
Кардарлар үчүн эмне өзгөрөт?
“Жашыл зона” тең салмактуу тамактануу үчүн азык-түлүктөрдү тандоону жеңил жана түшүнүктүү кылууну көздөйт. Кардарларга азыктардын кайсы бир түрүнө токтолууга жана күнүмдүк тамактанууга кошуш керек болгон түрлөрүнө көңүл бурууга жардам берет.
Азык-түлүктүн курамын окуп, көнүп алган азыктарды алмаштыруучу азык издеп, кийинки күндөргө меню түзүүгө ар дайым убакыт боло бербейт. Ошондуктан бул демилге жумуштан кийин үй-бүлөңө бат-баттан, ошол эле учурда пайдалуу азыктарды алыш керек болгон ата-энелерге актуалдуу.
Ошентсе да үй-бүлөлүк тамактанууну толугу менен өзгөртүү керек деген сөз жок. Кээде түркүн даамды рационго кошуу, жаңы даамдык айкалыштарды татып көрүү, же кадимки жей калчу азыктарга маани берүү жетиштүү. Дал ушундай майда өзгөрүүлөр убакыттын өтүшү менен туура тамактануу адаттарын калыптандырышы мүмкүн.
Ал эми сатып алуучулар бул жаатта дагы да терең түшүнүк алышы үчүн бардык Globus дүкөндөрүндө изилдөө жыйынтыктарын, балдар жана чоңдор үчүн тамактануу боюнча сунуштарды жана пайдалуу рецепттерди камтыган буклеттерди акысыз алсаңыз бол
Жөн гана соода кылуудан да артык
Globus үчүн бул демилге – чекене соода тармагында продукцияларды сатуу масштабын өнүктүрүү гана эмес, тамактануудагы пайдалуу билимдерди жайылтуу болуп саналат.
Анткени Globus – бул теория менен практиканын дал келген дүкөндөрдүн бири. Тең салмактуу тамактануунун пайдасы жөнүндө көп нерсе айтууга болот, бирок баары адам өзү жана үй-бүлөсү үчүн кандай азыктарды тандаганынан көз каранды.
Ошондуктан Globus`тун узак мөөнөттүү максаты – тамактанууга кам көргөн бир жолку иш-чара эмес, кыргыз үй-бүлөсүнүн күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгүнө айландыруу. Себеби улуттун ден соолугу биз күн сайын кабыл алган жөнөкөй чечимдерден көз каранды.