Биз социалдык тармакта

Ташкенттеги дарыялардын биринен нил крокодили табылды (видео)

Ташкенттеги дарыялардын биринен тургундар нил крокодилин табышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Ташкент зоопаркы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, сойлоп жүрүүчү жаныбарды 15-ноябрда балыкчылар байкап калышкан.

Экология комитетинин жана зоопарктын адистери крокодилди кармап, зоопаркка жеткиришти.

"Экзотикалык жаныбарларды алар үчүн көнүмүш эмес чөйрөдө өз алдынча кармоого болбойт. Мындай табылгаларды көргөн учурда дароо адистерге кайрылуу зарыл",- деп билдирди зоопарктын кызматкерлери басылмаларга.

Ташкенттеги дарыялардын биринен нил крокодили табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан