Бүгүн, 17-ноябрда Чехиянын борборунда башкы темир жол вокзалынын жанында эки жүргүнчү поезди сүзүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктан 46 адам жабыркап, алардын төртөө оор абалда ооруканага жеткирилди. Поезддер жай ылдамдыкта бара жаткан. Окуя болгон жерге куткаруучулар, дарыгерлер жана полиция кызматкерлери тартылды.
Куткаруу иштери аяктагандан кийин кыймыл жарым-жартылай калыбына келтирилди. Поезд компаниясы жабыркаган жүргүнчүлөргө ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыян үчүн кенемте төлөнөрүн билдирди.