Чүй облусунун аймагындагы тарыхый жана маданий жайларга келген чет элдик туристтерге милиция кызматкерлери англис жана кытай тилдеринде маалымат берип, жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери туристтерге кыргыз элинин байыркы тарыхы, улуттук каада-салты, маданияты жана тарыхый мурастары тууралуу айтып берип, кызыктырган суроолоруна жооп кайтарышты. Ошондой эле туристтик жайлардын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп, зарыл болгон учурда багыт көрсөтүп, көмөк көрсөтүштү.
Атап айтканда, Чүй ОИИББнын Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун туристтик-экологиялык взводунун кызматкерлери туристтер көп барган тарыхый-маданий аймактарда жеринен кызмат көрсөтүп, чет элдик конокторго ар тараптуу жардам беришүүдө.
Бул иштердин негизги максаты - чет элдик конокторго жагымдуу шарт түзүү, алардын коопсуздугун камсыздоо, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын жана маданий мурастарын кеңири таанытуу болуп саналат.