
Америкалык "Amazon MGM" киностудиясы жаңы "Жеймс Бонд" тасмасында 007 агентинин ролун британиялык актер Роберт Паттинсон аткарарын расмий жарыялады.
Бардыгына "Күүгүм" тасмасындагы Эдвард аты менен таанылган 40 жаштагы актёр "Бэтмен", "Гарри Поттер жана от чөйчөгү" сыяктуу тасмалардагы ролдору менен белгилүү.
Паттинсон бул ролго бир катар актёрлордун арасынан тандалды. Ал Дэниел Крейгден кийин атактуу тыңчынын образын жаратат.
"Жеймс Бонд - кинематографиядагы эң легендарлуу каармандардын бири. Анын ролун мага ишенип тапшырышканы - өмүрүмдөгү чоң сыймык",- деди актёр өз интервьюсунда.