Биз социалдык тармакта

Эки жаранды ыргыта сүзүп... Бишкекте жазадан качууга аракет кылган айдоочу кармалды (видео)

Бишкекте атасы менен кызын автоунаа менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 12-ноябрда саат 06:44тө Курманалиев көчөсүндөгү №40 үйдүн жанында болгон. Айдоочу эки жөө жүргүнчүнү сүзгөндөн кийин аларга жардам көрсөтпөстөн, окуя болгон жерден из жашырган.

Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу из жашыруу максатында шаар ичинде айланып жүргөн. Телефонунун SIM-картасын ыргытып, автоунаасын таштап кеткен.

Милиция кызматкерлери "Коопсуз шаар" тутумундагы жана шаардагы видеокөзөмөл камераларынын жазууларын текшерип, 13-ноябрда шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал 1989-жылы туулган С.И. аттуу жаран болуп чыккан.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилей кетсек, жол кырсыгынан адам жабыркаса, айдоочу "Тез жардам" жана милиция кызматкерлерин чакырып, жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө милдеттүү. Окуя болгон жерден качып кетүү мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.

Бишкекте атасы менен кызын сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан