Кечээ, 17-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Вьетнамдын командасын жолдоштук беттеште жеңип алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, оюндун 19-мүнөтүндө атаандаштар эсепти ачып, биринчи тайм 1:0 эсебинде аяктады. Экинчи бөлүктө кыргызстандык футболчулар оюнду өз пайдасына өзгөртө алышты. 86-мүнөттө Валерий Кичин эсепти теңесе, эки мүнөттөн кийин Эрбол Атабаев жеңиш голун киргизди.
Ошентип "Ак шумкарлар" атаандашын 2:1 эсебинде утуп, Вьетнамда экинчи жеңишине жетишти.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын улуттук курамасы Кытай Тайбэйинин командасын 3:0 эсебинде жеңген.