Биз социалдык тармакта

Алмазбек Молдобаев Конституциялык соттун судьясы болуп шайланды (видео)

Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Алмазбек Молдобаев Конституциялык соттун судьясын шайлоо маселеси каралды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Молдобаев Конституциялык соттун судьясы болуп шайланып, депутаттардын алдында ант берди.

Аны бул кызматка президент Садыр Жапаров сунуштаган. Алмазбек Молдобаев буга чейин президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын, президенттин жана Министрлер кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү болуп иштеген.

Мындан тышкары, депутаттар Кеңешбек Токтомамбетовду жаш курагына байланыштуу Жогорку соттун судьясы кызматынан бошотуу жөнүндө токтом долбоорун кабыл алышты.

Алмазбек Молдобаев Конституциялык соттун судьясы болуп шайланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан