Биз социалдык тармакта

Ооганстандан ташылып келе жаткан 22,5 тонна бадыраң артка кайтарылды. Себеби

Ооганстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 22,5 тонна бадыраң фитосанитардык талаптарга жооп бербегендиктен артка кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жүргүзгөн текшерүү Жалал-Абад облусундагы "Кең-Сай" фитосанитардык көзөмөл пунктунда жүргүзүлдү. Анда жүктүн тиешелүү маркировкасы жок экени жана фитосанитардык талаптарга жооп бербегени аныкталды.

Натыйжада продукция өлкө аймагына киргизилбей, кайра жөнөтүлдү.

Департамент өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу жана карантиндик зыяндуу организмдердин киришине жол бербөө максатында көзөмөл иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан